Кочкордогу К.Мамбеталиев мектеби Нарын облусу боюнча мыкты экендигин көрсөттү (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Жылдын мыкты мектеби-2019» облустук сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка Нарын облусунун райондорунан келген 5 мектептин өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобу жободо каралган критерий боюнча кылдат карап чыгып, өз баасын беришти.

Жыйынтыгында 1-орунду Кочкор районунун К.Мамбеталиев мектеби багындырды. 2-орунга Нарын районунун Ж.Иманалиев мектеби менен Жумгал районундагы Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясы ээ болушту. Ал эми 3-орунду Нарын шаарындагы Э.Ибраев мектеби жана Ак-Талаа районунун Б.Календеров мектеби камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up