Бишкекте улуу жазуучу Ч.Айтматов эскерилет

Билим АКИpress - 10-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулган улуу жазуучу, академик Ч.Айтматовду эскерүүгө байланыштуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюу аземи менен башталат. Таазим кылуу аземи Ч.Айтматовдун заманбап стрит-арт форматында тартылган сүрөтүнүн алдында улантылат.

Токомбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган инсталляциянын алдында №68 мектеп-гимназиянын «Устат-шакирт Умтул» театрынын жаш актерлору жазуучуну эскерип, «Биринчи мугалим» повести боюнча спектаклден үзүндү тартуулашат. Андан соң Ч.Айтматовго Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратынын алдында эскертүүчү такта орнотулат.

Андан сырткары, Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган документалдуу тасма көрөрмандарга сунушталмакчы.

Бул иш-чарага жазуучунун чыгармачылыгына таазим кылган адабият, маданият, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар ж.б. катышат. Ошондой эле жазуучунун үй-бүлөсүнөн Роза Айтматова менен Элдар Айтматовдун катышуусу күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up