Нарындагы студенттерге өрт коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жатаканасында өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык-райондук өрткө каршы бөлүмүнөн билдиришти.

Анын алкагында университеттин администрациясы менен жатаканада жашаган студенттерге өрт болгон учурда коопсуз жерлерге эвакуациялоо маселелери практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Иш-чарага катышкан 65 студентке, 29 мугалимге жана техникалык тейлөөчү кызматкерлерге өрт коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up