Кочкорлук Ж.Бекбоева облустук «Жыл мугалими» сынагында 3-орунду камсыз кылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында өткөн «Жылдын мыкты мугалим-2019» облустук сынагында Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебинин мугалими Жазгүл Бекбоева 3-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Ж.Бекбоева сынактын райондук турунда жеңүүчү деп табылып, облустук турга катышууга жолдомо алган.

Сынакта райондордон тандалып келген 5 мугалим ат салышты. Жыйынтыгында Ж.Бекбоева 3-орунга ээ болуп, 3-даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

Ж.Бекбоева Ак-Жар орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп иштейт. Ошону менен бирге тарбия иштери боюнча уюштуруучу болуп да эмгектенет. Ал аталган мектепти эң жакшы баалар менен бүтүрүп, Нарын мамлекеттик университетинен билим алып, жогорку педагогикалык билимге ээ болгон. Андан кийин өзү окуган мектепке мугалим болуп келип, эмгек жолун баштаган. Ошондон бери балдарга билим берип келет.

Окуучулар менен иштөөдө жараткан ийгиликтери үчүн облустук, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up