Сүрөт — Нарын облусу боюнча мыкты деп табылган Кочкордогу мектеп

// Turmush

Билим АКИpress - Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектеби облустук «Мыкты мектеп - 2019» кароо-сынагында 1-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Астра Асаналиева билдирди.

Сынакта мектептердин абалы, ички-сырткы көрүнүшү, санитардык абалы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери, окуучулардын билим деңгээли, долбоорлор менен иштөөсү сыяктуу шарттары каралган.

К.Мамбеталиев атындагы орто мектеби быйыл толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле мектепте зоологиялык музей ачылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up