Чоң-Алайдагы бала бакчалардын тарбиячылары интеллектуалдык таймашта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы бала бакчалардын тарбиячыларынын арасында «Интеллектуал жаштар» аттуу таймаш болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы Нургүл Курбанбекова билдирди.

Таймаштын жыйынтыгында «Чак» бала бакчасы «Мыкты интеллектуал топ» наамына татыктуу болду. Ал эми 1-орунга «Жеткинчек», 2-орунга А.Рахманова, 3-орунга «Чулук» жана 4-орунга «Байчечекей» бала бакчаларынын командасы жетишти.

Иш-чара Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жана райондук жаштар уюму тарабынан уюштурулган. Таймаштын негизги максаты — тарбиячылардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up