Нарында долбоордун алкагында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Билим АКИpress - «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында Нарын шаарындагы мектеп окуучулары арасында медициналык кеңеш алуу сынагы өтүп, жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын жыйынтыгында №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектеби 1-орунду камсыз кылып, ноутбук, экран, жана проектор менен сыйланды. 2-орунду №9 А.Садыков мектеби алып, мектеп ашканасы үчүн муздаткыч утту. 3-орунду М.Сыдыков атындагы мектеби ээлеп, музыкалык жабдыкка татыды. Ал эми 4-орунду №4 Э.Ибраев мектеби алып, кыргыз тилиндеги көркөм адабий китептердин топтомуна ээ болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up