Абитуриент-2019: Жогорку окуу жайларга кабыл алуу качан башталат?

Билим АКИpress - Абитуриенттерди Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандоо жана кабыл алуунун мөөнөтү бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди тандоо турларынын жана кабыл алуунун графиктери:

1-тур

8-10-июль — Ажыратылма талондорду чогултуу
10-июль саат 14:00 — Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
11-июль саат 10:00гө чейин — Кабыл алуу үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин чыгаруу
11-13-июль — Абитуриент жогорку окуу жайдан билим алууга каалоосун тастыктайт.

2-тур

15-17-июль — Ажыратылма талондорду чогултуу
17-июль саат 14:00 — Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
18-июль саат 10:00гө чейин — Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
18-20-июль — Абитуриент жогорку окуу жайдан билим алууга каалоосун тастыктайт.

3-тур (Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлөт)

22-24-июль — Ажыратылма талондорду чогултуу
24-июль саат 14:00 — Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
25-июль саат 10.00гө чейин — Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
25-27-июль — Абитуриент жогорку окуу жайдан билим алууга каалоосун тастыктайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up