Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Билим АКИpress - Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ч.Айтматовду эскерүү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюу аземи менен башталды. Таазим кылуу аземи Ч.Айтматовдун заманбап стрит-арт форматында тартылган сүрөтүнүн алдында улантылды. Бул инсталляция Токомбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

Андан соң Ч.Айтматовго Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратынын алдында эскерткич такта белгиси орнотулуп, иш-чараны УИАнын президенти Мурат Жуматаев Ч.Айтматовдун илимге кошкон зор салымы тууралуу эскерүү менен баштады.

М.Жуматаев өз сөзүндө бул демилгени алып чыккан Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине, академик А.Акматалиевге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал бул орун Ч.Айтматовдун дүйнөсүнө сүңгүп кирип, залкар жазуучу менен баарлашуучу орун болсун деген каалоо-тилектерин айтып өттү.

Ачылыш аземде №68 мектеп-гимназиясынын «Устат-шакирт Умтул» театрынын жаш актерлору жазуучуну эскерип, «Биринчи мугалим» повести боюнча спектаклден үзүндү тартуулашты. Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган документалдуу тасма да көрөрмандарга сунушталды.

Иш-чарага жазуучунун үй-бүлөсүнөн Роза Айтматова жана ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгына таазим кылган адабият, маданият, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышты.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2018-жылдын 10-июнунда дүйнөдөн кайткан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up