БГУ менен Кытай Коомдук илимдер академиясы кызматташат

Жаңылыктар | 10:25, 12-июнь 2019 | Жаңыртылган 11:02, 12 июнь 2019 | 1 275

Билим АКИpress - Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Циньпиндин Кыргызстанга болуучу мамлекеттик сапарын утурлай Кытай Коомдук илимдер академиясынын вице-президенти Ваң Жиңчиң жетектеген тарыхчы, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн делегациясы келди. Алар 11-июнда Бишкек гуманитардык университетинде кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жургүзүшкөн.

Кытай Коомдук илимдер академиясынын делегациясын БГУнун ректору А.И.Мусаев жылуу тосуп алып, университеттин билим берүү, илим изилдөө жана эл аралык байланыштар жаатындагы ишмердиги тууралуу айтып берип, өз ара кызматташууга ыңгайлуу өбөлгөлөрдүн бар экендигин, зарыл шарттардын толук түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле университет Академия менен кызматташууга кызыкдар экенин расмий билдирген.

Мусаев Кытай Коомдук академиясынын курамында түзүлгөн Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун директору, профессор Бу Щиянчүнду кыргыздардын байыркы тарыхы боюнча жаңы маалыматтарды таап жана изилдеп, Бишкекте өткөн «Кыргызстан менен Кытай: Байыркы Жибек жолундагы достук мамиле жана байыркы кытай жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды изилдөө, жыйноо жана жарыялоо» эл аралык илимий конференцияда алгачкы ирет талкууга коюп, кыргыз тарыхчыларынын колдоо пикирине ээ болгону менен жылуу куттуктады.

БГУнун Кыргызстанда жана Борбор Азияда Кытай боюнча бирден-бир илимий-маалыматтык жана адистик масштабдуу ресурска ээ экендигин эске алуу менен бир катар маселелер терең талкууланды.

Алар:

- университеттин Кытай Коомдук илимдер академиясы менен илимий басылмалар жана маалымат боюнча өз ара алмашуусу;

- БГУнун кол жазмалар фондун Кытай жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын фото, ксерокөчүрмөлөрү жана микрофильмдери менен толуктоо;

- БГУнун 3-4 мыкты бүтүрүүчүсүн максаттуу багыт менен Кытай Коомдук академиясынын магистратура жана аспирантурасына жөнөтүп туруу;

- Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун БГУда курамдык бөлүмүн түзүү жана БГУ менен Кытай Коомдук илимдер академиясынын ортосунда кызматташтык келишимин иштеп чыгуу.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча келишимдерге кол коюу үчүн кайрадан жолугушуу уюштурууну пландашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up