Нарын медколледжинин кызматкерлери волейбол боюнча мелдеште жеңүүчү болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын медициналык колледжинин кызматкерлеринен түзүлгөн волейбол боюнча курама команда Нарын шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке мекеме-ишканалардан командалар катышкан. Медколледждин командасы артыкчылыгын көрсөтүп, бардык атаандаштарын жеңип, жогорку упай топтоого жетишти. Команда кубок, диплом менен сыйланып, июль айында Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up