Сүрөт — Лейлектеги №3 гимназия мектебинде билим алуу үчүн шарт түзүлгөн эмес

// Turmush

Билим АКИpress - Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылындагы №3 гимназия мектебинин окуу бөлмөлөрү тар болууда. 15 окуучуга гана ылайыкталган класстарда 25-30 окуучу окуйт. 1 партада 3төн окуучу отуруп, билим алууга мажбур болуп келишет. Мектепте парта, стол, компьютер, окуу китептери да жетишсиз болгон маселелер бар.

Аталган мектептин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Нарбүбү Анаркулованын айтымында, бул мектеп буга чейин совхоздун имараты болгон. 1996-жылы Гапыр Мадаминов демилгеси менен 3 жыл Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып жүрүп, №3 гимназия мектеби болуп ачылган. Имарат билим берүү тармагына ылайыкташтырылып курулган эмес.

«Окуучулар Лейлек районунун ар кайсы бурчунан, тагыраагы Коргон, Катраң, Исфана, Андарак, Маргун, Дархум, Бешкент, Арка, Достук ж.б айылдарынан келип окушат. Мектеп-гимназия деп аталганы менен жатаканасы жок. Ошондуктан алыскы айылдан келген окуучулар туугандарынын үйүнөн барып-келип окуса, айрымдары мектепке жакын үйлөрдү ижарага алып жашашат. Анткени бул мектептин окутуу системасы башка мектептерге салыштырмалуу автордук методикалык (акыл эмгегинин маданияты) жол менен. Башка мектептерде жалпы республикалык тестирлөөгө жана олимпиадага даярданууда атайын курстарга барып же акча төлөп окушса, бул жакта окуучунун ой жүгүртүүсүн өстүрүү максатында китеп окуунун туура жолдору, логика, ЖРТга жана предметик олимпиадага даярдоо акысыз окутулат.

Бүгүнкү күндө бул имарат 120 адамга ылайыктуу болгону менен мектепте жалпы 230 окуучу билим алат», - деп айтып берди Н.Анаркулова.

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында бул мектепте 8 гана компьютер бар. Компьтердин жана компьютердик бөлмөнүн жетишсиздигинен чоң залды темир тосмолор менен бөлүп, компьютердик бөлмөгө айландырышкан. Бирок окуучулар информатика, технология боюнча сабак өткөндө ыңгайсыздык жаралат», - дейт информатика мугалими Алтынбек кызы Мавлюда.

Мектепте чоң зал жана спорт залы жок. Дене тарбия сабагы жайында сыртта, ал эми кышында тар класста өтүлөт. Жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча мектеп жамааты тиешелүү жетекчиликтерге кайрылганы менен бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпай келет.

Окуучулар шарты жок мектепте билим алганы менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет. Ушул кезге чейинки бүтүрүүчүлөрдүн 65и Медициналык академияда окушса, «Манас» университетинде 100 бүтүрүүчү, 40тан ашууну чет өлкөлөрдө билим алышты. 1996-жылдан бери мектепти 500дөй окуучу бүтүргөн.

Республикалык предметтик олимпиададан окуучулар 8 жолу 1-орунду камсыздашкан. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо упайы 140-150 болгон. Ал эми эң жогорку упай 200дөн ашат. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн 90%ы жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө өтүшөт.

Учурда №3 мектеп-гимназияда 17 мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up