«Алтын тамга» аттестатынын саны боюнча кайсы облус 1-орунда? (тизме)

Билим АКИpress - «Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 17%ы билимин тастыкташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, «Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышкан 1 миң 48 окуучунун ичинен 179 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту. Бул катышуучулардын жалпы санынын 17%ын түзөт.

Былтыркы жылы тестирлөөгө катышкан 965 катышуучунун ичинен 141 адам, тагыраагы 14,6%ы билимин тастыктаган. Жалпысынан тестирлөөнүн алгачкы жылында билимин тастыктагандардын саны 3,2%ды түзсө, 9 жылдын ичинде 17%га жетти.

2 жылдын салыштырмалуу анализи көрсөткөндөй, тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны көбөйүүдө — 2018-жылга салыштырмалуу быйыл 8%га өстү. Аймактардагы мектептердин окуучулары тестирлөөгө активдүү катышып жатышат.

Облус/жылы

2018

2019

Баткен

11

24

Жалал-Абад

16

19

Ысык-Көл

3

10

Нарын

8

13

Ош

2

10

Талас

6

4

Чүй

12

15

Бишкек шаары

83

84

Жалпы

141

179

2018-2019-окуу жылында «Алтын тамга» тестирлөөсү 4 предмет боюнча жүргүзүлдү: математика, эне тил жана адабият (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия.

Бардык тесттер бир катар экспертизадан өтүп, мамлекеттик стандарттарга жана орто жалпы билим берүү программаларына жооп берет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up