Бишкектеги 10 мектепте 1 миң 170 баланы камтыган лагерлер уюштурулду

Билим АКИpress - Жайкы эс алуу мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ден соолугун чыңдоо менен бирге толук кандуу эс алдыруу максатында 10 мектептин: №7, 25, 40, 42, 55, 72, 79, 80, 84, 96 базасында 1 миң 170 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулду.

Мектеп лагерлери 2019-жылдын 3-июнунда өз ишин баштады. Бардык мектеп жетекчилери лагерлерде эс алган балдардын коопсуздугун сактоо боюнча инструкцияларды алышкан. Эс алуу лагерлеринде балдарга 2 маал тамак берилет.

Балдар үчүн ийримдер, спорттук секциялар, ошондой эле балдар чыгармачылык борбору жана жаш техниктер станциясы тарабынан ийримдер уюштурулат. Мектеп алдындагы лагерлер 5 багыт боюнча иш алып барат:

1. Инструктивдик-методикалык иштер (методикалык жардам);

2. Туристтик, айлана-чөйрөгө саякат (туристтик жүрүштөрдү уюштуруу);

3. Жүрүм-туруму начар балдар менен иш алып баруу (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жүрүм-туруму начар балдар);

4. Маданий массалык иштер (сууга сүзүү мезгилинин ачылышы, мектеп алдындагы лагерлердин ачылышы жана жабылышы);

5. Ийрим иштери (кыргыз эстрадасы, англис тили, комуз, улуттук оюнчуктар, хореография, дзюдо, самбо).

Мектеп лагерлери 28-июнда өз ишин аяктайт жана бул күнү концерттик программалар уюштурулуп, лагердин жашоосуна активдүү катышкандар сыйланышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up