Жаңы-Жерде мүмкүнчүлүгү чектелген 10 студент ашпозчу кесибине ээ болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 студенти ашпозчулук кесип алууга сынак тапшырышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«1 жылдын ичинде алар ашпозчулукка окуп, бүтүрүү сынактарын тапшырышты. Сынакта электрондук даярдык жана документтерди иштеп чыгуу колдонулду. Сынактык комиссиянын курамында иш берүүчүлөр менен өндүрүштүк окутуунун чеберлери болду. Сынак практикалык бөлүмдөн туруп, каттоодон кийин окуучуларга номур менен ысык тамак жана салат жасоо тапшырмасы берилди», - деп айтылат маалыматта.

№43 кесиптик лицейи туризм жана мал чарбачылык, мейманкана бизнеси тармактарында адистерди даярдайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up