Жумгалдагы балдар искусство мектеби алгачкы 7 жылдык бүтүрүүчүлөрүн узатты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Байзак айылындагы Солто Рысманбетов атындагы балдар искусство мектеби алгачкы 7 жылдык бүтүрүүчүлөрүн узатты.

Аталган мектептин директору Айжан Жээнбекованын айтымында, салтанаттуу кече отчеттук концерт менен толукталды. Мектептин ачылганына быйыл 7 жыл болду. Андагы фортепиано ийрими 7 жылдык, ал эми бий, комуз, вокал, изо, Манас таануу жана төкмөчүлүк, аккордеон ийримдери 5 жылдык.

«Биздин мектепте 115 окуучу билим алат. Быйыл 18 окуучу бүтүрүүчү болду. Аларга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен күбөлүк-сертификат берилип, бүтүрүү аземи өттү. Музыкалык мектепте окуучулар билим да алышат.

Искусство ийримине 1-класстан 6-класска чейинки балдар-кыздарды алып окутабыз. Жылдан жылга жаңы кадрлар келип жатышат. Биздин көйгөй — музыкалык аспаптар жетишсиз, жакшы сапаттагы комуздар жок, фортепиано жетишпейт. Булардын айынан ири сынактардан аксап келебиз», - деди Жээнбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up