Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамганын» ээси болгон ысык-аталык Элянора

Элянора Асылбекова — Ысык-Ата районунда мектепти «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн 2 окуучунун бири. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элянора 2001-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. «Мен Ысык-Ата районундагы №1 Новопокровка орто мектебин аяктап жатам. Мага математика сабагы жагат. Себеби андагы белгилүү эрежелерге баары баш иет жана ал ар бир адамга түшүнүктүү.

Бүтүрүүчү үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, 2 сиңдиси жана 1 иниси бар.

«Мен келечекте татыктуу бир кесиптин ээси болгум келет. Ошону менен бирге кайрымдуулук иштерге аралашууну көздөп келем. Бош убактымда кино көргөндү, китеп окуп, музыка укканды жакшы көрөм. Үй-бүлөбүз менен табияттын койнунда эс алуу дагы абдан жагат», - деди ал.

Каарманыбыз мектептеги классташтары менен өткөргөн кызыктуу окуяларынан да айтып берди.

«Классташтарым аябай бир нерсеге кызыгып, аны кармап көрмөйүнчө жандары тынбайт. Дайыма кызыктуу окуяларга туш болушат. 6-класс кезибизде классташтарым өрт өчүрүүчү курал кантип иштей турганына кызыгып калышты. Ошентип, алар лаборатория бөлмөсүнө кирип, өрт өчүүрүчү шайманды иштетип көрмөй болушту. Алар пломбасын жулуп, чекти чыгарып жиберишти эле, бөлмөнүн ичинде көбүк толуп калды. А биз бери жактан «өрттү өчүрдүңөрбү?» деп шылдыңдап, боорубуз эзилип калган» - деп айтып берди ал.

«Мага ушундай терең билим берген мугалимдериме рахмат айткым келет. Ошондой эле мага ишенип, дайыма колдоп келген ата-энеме, үй-бүлөмө ыраазымын. Ошол эле маалда менин алтын балалыгымды бирге өткөргөн классташтарыма, досторума рахматымды айтам. Баарына чоң рахмат!», - деп сөзүн жыйынтыктады Элянора.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up