Жумгалда «Жаш мугалимдер слету» өтүп, жеңүүчүлөр Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиеванын демилгеси менен жаш мугалимдер мектеби ачылган. 30-май күнү «Келечекке карай билимдүү жол» деген темада жаш мугалимдер сынагы өткөрүлгөн. Бул сынакка катышкан бардык жаш мугалимдер сыйлыктарга татыктуу болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакта 1-орунду «Лама» орто мектебинин мугалими Сайкал Идинова, 2-орунду О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин мугалими Динара Талантбекова жана 3-орунду А.Сулайманов орто мектебинин мугалими Шайхидин уулу Кенжебек алышкан. Калган 4 мугалим ар кандай номинацияларга ээ болушкан.

2019-жылдын 7-июнунда Жумгал райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жаш мугалимдер слету - 2019» иш-чарасы алгачкы ирет өттү. Анда жаш мугалимдерге баалуу белектер тапшырылды.

Учурда райондо жаш мугалимдер мектебин усулчу Гүлшат Көккөзова жетектейт.

Жаш мугалимдерге Жумгал райондук кесиптик бирликтин төрайымы Бегимкан Жамантаева сыйлык тапшырып, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up