Депутат окуу жылынын башталышын жылдыруу керектигин эске салды

депутат Алмазбек Баатырбеков
депутат Алмазбек Баатырбеков

Билим АКИpress - Депутат Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан») 13-июнда парламенттин жыйынында окуу жылынын башталышын жылдыруу демилгесин эске салды.

«Биз туризмдин өнүгүшү тууралуу айтып жатабыз — бул чоң маселе. Бирок ошондо да биз жай кыймылдап жатабыз. Өткөн жылы «Кыргызстан» фракциясы окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырууну сунуштаган. Билим берүү жана илим министрлиги сурамжылоо жүргүзүп, көпчүлүгү бул демилгени колдогон. Бирок өкмөт былтыр убакыт сурап, 1 жылга жылдырып турууну суранган болчу. Биз макул болгонбуз», - деди ал.

Баатырбековдун айтымында, туристтик сезон 2 айга гана созулат. «Эгер биз окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырсак, экономика үчүн канча пайда болмок. Россиялыктар менен казакстандыктар 25-августтан тарта кетип башташат. Андан кийин кыргызстандыктар кыйла ыңгайлуу баада эс алышмак», - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, депутаттын айтымында, малчылардын балдары 1-сентябрга мектепке барууга жетишпей калышат, анткени мал жайлоодон кечирээк түшөт. Алар сабактан калышат.

«Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонуу зарыл. Европада, АКШда, ал тургай Россиядагы айрым жерлерде окуу жылынын башталышы жылдырылган.

Эгер экономиканын өнүгүшүн кааласак, бул маселелерди караш керек»,- деди Баатырбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up