Жумгалдагы окуучулар жаратылышта китеп окушту (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында студенттер Ырыскелди Артелбеков, Бактыгүл Куштарбек кызы жана Арген Бакишов жаштарды, окуучуларды чогултуп, жаратылыш койнунда китеп окуу уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл жаштары семинар өткөрүшүп, китеп сүйүүчүлөр менен жайкы эс алуу күндөрүндө жаратылыш койнунда чогулуп, китеп окууну өркүндөтүүнү жана ар кыл ойлор менен бөлүшүп, мектеп окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууну талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up