Кечиктирилген тестирлөө. Абитуриенттер дагы бир жолу ЖРТ тапшыра алышат

Билим АКИpress - Мектептер менен колледждердин айрым бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептерден улам жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калгандыктан Билим берүү жана илим министрлиги менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору кошумча тестирлөө жүргүзөт.

Кечиктирилген тестирлөөгө каттоо (кайрадан каттоо) 11-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлүүдө. Ал эми тестирлөө 22-23-июнда өтөт.

Бишкек шаарындагы каттоо №24 мектеп-гимназиясында жүргүзүлүүдө. Оштогу каттоо Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө жүрүп жатат. Бул тестирлөөгө 2019-жылдагы ЖРТга катышпай калгандар каттала алат.

Эгер абитуриент ЖРТга катталып, бирок ар кандай себептерден улам тестирлөөгө катышпай калса жана анда каттоо номуру бар болсо, анда ал катталган жерине барып, кайрадан каттоодон өтө алат. Мындай абитуриент Форма-3, тестирлөө орду жана күнү тууралуу билдирүүнү жана өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүүгө милдеттүү.

2019-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдөн четтетилген абитуриенттер каттоого жана кайра каттоого алынбайт.

Каттоо үчүн зарыл болгон документтер:

1. Каттоо төлөмүн төлөгөндүгү тууралуу РСК банкынан дүмүрчөк. ЖРТга катышуу үчүн каттоо төлөмү ар бир тест үчүн 320 сомду түзөт.

2. Өздүгүн тастыктаган документ (паспорт же аскердик билет). Документсиз тестке катышууга болбойт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк өздүгүн тастыктаган документ болуп эсептелбейт.

3. 3х4 формасындагы 2 сүрөт.

4. Орто билими тууралуу аттестат же орто кесиптик окуу жайларды аяктагандыгы жөнүндө дипломдун түп нускасы. 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектеп директору тарабынан бүтүрүүчү экендигин күбөлөндүргөн жана мектептин мөөрү басылган маалым кат алып келиши кажет. Маалым катта бүтүрүүчүнүн сүрөтү болушу керек.

Эгер жогорудагы документтердин арасынан бирөө жетишпей калса каттоого алынбайт.

Абитуриент предметтик тестти алдыда пландап жаткан кесибине жараша тандайт. Предметтик тестте химия, биология, англис тили, физика, математика жана тарых бар. Тесттер абитуриенттер үчүн тандаганына жараша 2 тилде сунушталат: тест берүүчү кайсы тилде ийгиликтүү тест тапшыра алышына жараша кыргыз жана орус тилдери.

Топтогон упайларынын саны тууралуу сертификат абитуриенттерге 2019-жылдын 1-июлунан кийин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кеңсесинен жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн берилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up