Америкадан келген тажрыйбалуу мугалимдер Оштогу мугалимдерге сабак өтүштү

Билим АКИpress - Америкадан 3 адис келип, Ошто 13-июнда 40тан ашуун мугалимди окутту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Иш-чаранын максаты — аймактарда медотика боюнча англис тилин окутууну жакшыртуу, мугалимдердин англис тили боюнча сабатсыздыгын жоюу.

Америка элчилигинин мамлекеттик бөлүмүнүн англис тили боюнча адиси Хайди Демелло бул Американын элчилиги тарабынан коюлган тапшырма экендигин билдирди.

«Мен көптөн бери Кыргызстандын түштүгүндөгү мугалимдерге тажрыйбам менен бөлүшүп келем. Мындай жолугушуулар мугалимдер менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Түштүк аймактардагы англис тилдүү мугалимдердин сабаттуулугу, билим деңгээли жакшы же жаман деп айтуу кыйын. Тажрыйбалуу мугалимдер да жок эмес. Бул жактагы мугалимдердин аракетчилдиги, дагы көп нерсени үйрөнүүнү каалаганы жакты. Менин кеңешим — мугалимдердин тажрыйбаларын дагы арттыруу керек», - деди ал.

Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Миргүл Исакованын айтымында, мындай сабактар эми Ош облусундагы англис тилдүү мугалимдер тарабынан да өткөрүлөт.

«Биз «KG Tesol» ассосиациясын ачтык. Максаты — англис тилдүү мугалимдердин тажрыйбасын, билим сапатын жакшыртуу, тоолуу райондордогу мектептерге жетишсиз болгон англис тилчи мугалимдерди даярдап жөнөтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам берүү. «Tesol» дүйнөлүк деңгээлдеги уюм болуп эсептелет. Анын 12 миңден ашык катышуучусу, дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык мамлекетте филиалдары бар. 2-3 жылдын ичинде дүйнөлүк деңгээлдеги «Tesol» ассосиациясынын Кыргызстандагы филиалын ачабыз деп максат коюп жатабыз», - деди М.Исакова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up