Кыргызстан менен Моңголиянын Илимдер академиясы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту (сүрөт)

Билим АКИpress - Кечээ, 13-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Моңголиянын Илимдер академиясынын президенти Рэдгэл Дугэр менен жолугушту. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Андан сырткары, Моңголиянын Илимдер академиясы менен УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун ортосунда тарых жана археология илимине тийиштүү илимий долбоорлор менен иштешүү тууралуу пландар талкууланды.

Меморандумга 12-июнда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий иш сапарынын алкагындагы жолугушуусунда кол коюшкан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы илимий байланыш мындан ары да күчөтүлө турганы айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында УИА тарабынан жаш тарыхчы Максат Исраилов Моңголияга 8 айга аспирантура бөлүмүнө окууга жөнөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up