Илимдер академиясынын президенти ШКУнун илимге тийгизген таасири тууралуу маек курду

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев 13-июнда Кытайдын «Жэньминь Жибао» (Күндө чыгуучу элдик гезит) гезитине интервью берди. М.Жуматаев менен аталган гезитте эмгектенген журналист Сиао Синьсинь маек курган.

Сиао Синьсинь өлкөдө өткөрүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн Кытайдан келген журналисттердин бири. Ал аталган иш-чарадан сырткары, ар кайсы тармактагы кыргыз–кытай мамилелери тууралуу маалыматтарды чагылдырып жатканын билдирди.

УИАнын президенти менен болгон маектин басымдуу бөлүгүн Кыргызстан менен Кытайдын Илимдер академияларынын ортосунда түзүлгөн эл аралык илимий келишимдердин негизинде иш алып баруу процесси, илимпоздор арасында тажрыйба алмашуу маселелери, М.Адышев атындагы Геология институтунун курамында иштеп жаткан Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча Кыргыз–Кытай эл аралык илимий борборунун иш алып баруусу жана мындан кийинки илимий байланыштар тууралуу маалыматтар түздү. Андан сырткары, М.Жуматаев ШКУнун алкагында да кол коюлган келишимдердин илимге тийгизген таасири, 2019-жылы 10-майдан 18-майга чейин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында 3 ири илимий иш-чарага катышып келгендиги, Азиядагы 44 өлкөнүн илимий мекемелеринин башын бириктирип турган ANSO эл аралык илимий уюму, Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган «Азия цивилизацияларынын диалогу» жана «Бир алкак – бир жол» долбоору ж.б. кызыктуу темалардын тегерегинде маек куруп берди.

Маектин соңунда Жуматаев «Жэньминь Жибао» гезитинин жалпы жамаатына жана Сиао Синьсиньге илимди пропагандалоого кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

«Жэньминь Жибао» – Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин күндө чыгып турган расмий гезити. Бул гезит кытай, орус, англис, япон, француз, испан, араб, монгол, тибет, уйгур, казак, корей жана чжуан тилдеринде жарык көрөт. Ал дүйнөдөгү жана Кытайдагы таасирдүү гезиттердин бири болуп саналат. Миңден ашуун журналист анын дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы бөлүмдөрүндө эмгектенишет.

Гезит орточо эсеп менен 2 млн 800 миң нускада чыгат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп түрат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up