Оштогу мектептердин медиа боюнча жооптуу мугалимдери табият койнунда эс алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептердин медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча жана мектептик медиа борборлордун жооптуу мугалимдери Ноокат районунун Кара-Кой жайлоосунда эс алышты. Бул демилге шаардагы жаш мугалимдердин арасында көтөрүлүп, 2018-2019-окуу жылын жыйынтыктоо иш-чарасы катары уюштурулду.

Ош шаарындагы №5 Ж.Бөкөнбаев мектебинин мугалими, уюштуруучу Элзада Кочкорбай кызынын айтуусунда, иш-чарага шаардагы 30га жакын мектептин медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча иш алып барган жаш мугалимдери катышкан.

«Иштегенди билген киши эс алууну да билиши керек. Бир максатта иш алып барган жаш мугалимдер басымдуулук кылган мектептик-медианын жооптуулары бул эс алууну 2 жума мурда пландаганбыз. Кара-Кой жайлоосундагы эс алуубуз ыр кесе, улуттук оюн-зоок жана башка маданий программалар менен коштолуп, фотографтардан үйрөнгөн сүрөт тартуу усулдарын эс алууда колдонуп көрдүк», - дейт Элзада Кочкорбай кызы.

2018-2019-окуу жылынын башында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык, шаардагы бардык мамлекеттик мектептерде мектептик медиа борборлор уюштурулуп, тийиштүү мугалимдер медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүшкөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up