Техника-экономикалык колледждин студенттерине патриоттуулукка тарбиялаган сабак өтүлдү

Билим АКИpress - К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы техникалык-экономикалык колледжинин студенттерине 13-июнда «Ата Мекенди сүйүү жана патриоттуулук» деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Маалым болгондой, сабакты Салтанат Осмоналиева 2-курстун студенттерине өттү.

«Студенттерге татыктуу билим берип, ыймандуулукка, ынтымакка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу пландалган.

Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча тарбиялык сааттарды өтүшөт. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде өтүп, берилген теманы ачып берген, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү кураторлорго сыйлыктар берилет», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up