Бишкекте сот кызматкерлери Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырышты

Билим АКИpress - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 14-июнда дүйнөлүк жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондук соттору тарабынан, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулган. Көрүүчүлөргө жазуучунун «Саманчынын жолу» жана «Гүлсарат» повесттеринин негизинде коюлган спектаклдер тартууланды.

Бул сахналаштырылган чыгармалар 2018-жылдын декабрь айында Илимдер академиясында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган соттор арасындагы сынактын жыйынтыгынын негизинде байгелүү орундарга ээ болгон.

«Саманчынын жолу» спектаклин Биринчи май райондук сотунун кызматкерлери сахналаштырса, «Гүлсарат» чыгармасы Октябрь райондук сотунун кызматкерлеринин аткаруусунда көрөрмандарга көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда академик А.Акматалиев сот кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, «Манас» эпосунун 10 томдук китептерин белекке берди.

Ч.Айтматовдун үй-бүлөсүнүн атынан Роза Айтматова ыраазычылык сөзүн сүйлөп, бул тарыхый саамалык башка мамлекеттик мекемелер арасында да улантылса деген тилегин билдирди.

Андан сырткары, иш-чарага УИАнын академиктери, мүчө-корреспонденттери, илимий жана сот кызматкерлер, ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгын баалаган коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up