Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай канча болду?

Билим АКИpress - 2019-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку чек 238 упай болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп 43 миң 440 абитуриент катышкан. Босого упайдан 27 миң 19 бүтүрүүчү же 62,2%ы өтө алды.

Салыштыруу үчүн: былтыркы жылы босого упайдан 57% бүтүрүүчү өтсө, 4 жыл мурун 47%ы гана өткөн.

2019-жылы орточо упайлардын саны 119,5ке чейин өстү (2018-жылы 119,4 жана 2015-жылы 114 болчу). Бул билим берүү сапатынын жогорулашынан кабар берет, деп белгилешет министрликтен.

«Аймактардагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү маанилүү тенденция болуп эсептелет», - деп кошумчалашты Билим берүү министрлигинен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up