Жумгалда эс алууга тараган окуучулар айылдан 5 тонна таштанды алып чыгышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы орто мектебинин окуучулары жайкы эс алуу учурунда тазалык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл жаштарынын өкүлү Рыскелди Артелбековдун айтымында, окуучулар эс алууга тарагандан тартып өз демилгелери менен «Менин айылым таза, анткени биз тазалап турабыз» акциясын өткөрөбүз дешкен. Бул ирет колдоруна кап, шыпыргы жана күрөк көтөрүп, айылдын бардык көчөсүн кыдырып, 5 тонна таштандыны тазалап чыгышты.

Бул демилгени айыл өкмөтү колдоп, чогулган таштандыларды төгүүгө көмөк көрсөтсө, айрым тургундар техникаларын берип, окуучулар чогулткан акыр-чикирлерди таштанды төгүүчү жайга ташып жатышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up