Нарындык студенттер Таластагы «Достук» фестивалына катышып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Таласта өткөрүлгөн «Достук» фестивалына катышып келишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдын студенти Кайрат Кубанычбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестивалга НМУдан 16 студент жана 3 мугалим барган.

«Таластык туугандарыбыз 13-июнь күнү «Манас ордо» мемориалдык комплексинен тосуп алып, ошол жактагы музейге экскурсия уюштурушту. Музейден чыгып, Манас атабыздын күмбөзүнө зыярат кылдык. Ал жерден Куран окуп, ата-бабаларга багыштадык. Чарчаганыбызга карабай, Кароол чокуга да чыктык. Таластын кооздугун ошол жактан сездик.

Бизди ыктыярчылар «Манас ата» лицейинин жатаканасына алып барып жайгаштырышты. Башка университеттин студенттери менен тааныштык, маектештик.

Фестиваль 14-июнь күнү башталды. Кыргызстандын ынтымагын бекемдөө — фестивалдын максаты экенин түшүндүк.

Иш-чарага жети облустан: БатМУ, ОшМУ, ОГПИ, Кыргыз-Өзбек университети, ЖАМУ, КУУ, ТалМУ, НМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышты. 15-июнь күнү гала-концерт болуп, сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул фестивалда ар бир университет 10 миң сомго ээ болуп, ардак грамота менен сыйланышты. Студенттердин жакшы программалары үчүн грамота тапшырылды», - деди Кайрат Кубанычбек уулу.

Фесивалга Нарындан катышкан студенттер:

1. Кожобекова Алтынай
2. Болотбек кызы Мээрим
3. Кумарбек кызы Алиса
4. Азим кызы Элеонора
5. Токтоналы к Элияна
6. Сыргак кызы Зумрат
7. Калыбек кызы Албина
8. Жамгырчиев Улукбек
9. Кубанычбек уулу Кайрат
10. Масапов Жумгалбек
11. Кабылбек уулу Жылдызбек
12. Маратов Кубаныч
13. Амангелди уулу Дастан
14. Мустапаева Роза
15. Белеков Бекболот
16. Маратов Кубаныч

Мугалимдер: Жапаров Адилет жана Саргашкаев Эсен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up