Резюме — Билим берүү министринин жаш кеңешчиси Нурсултан Кубанов
Билим АКИpress - Нурсултан Кубанов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду.
Резюме:
Кубанов Нурсултан Кубанович
Туулган жери жана күнү: 1992-жылдын 20-ноябры, Нарын
Билими:
- 2010-жылы К.Карасаев атындагы БГУнун алдындагы лицейди бүтүргөн;
- 2010-2014-жылдар — Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Кыргыз-Кытай институту, эл аралык укук;
- 2012-2015-жылдар — Ухань, Central China Normal University, Ланчжоу университети, алмашуу программасы;
- 2019-жылы Дипломатиялык академиясында эл аралык бизнести башкаруу багыты боюнча 1-курста билим алып жатат.
Иш тажрыйбасы:
- 2014-жыл — «PomidoR» жарнама компаниясынын башкы директору;
- 2016-2019-жылдар — «Perspective» эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү;
- 2019-жыл — Билим берүү жана илим министринин коомдук кеңешчиси.
Жетишкендиктери:
2014-жыл — HSK сертификаты (6-деңгээл);
2018-жыл — Дүйнөлүк банктын версиясы боюнча Кыргызстандагы эң мыкты коомдук ишкер;
2018-жыл — «ENACTUS» эл аралык уюму «Жыл жайылтуусу» номинациясы менен сыйлаган.
Сыйлыктары:
1. Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабековдон КР билим берүүсүн өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлык;
2. Премьер-министр М.Абылгазиевден Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кошкон салымы, ыктыярчы-котормочуларды таанытууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйлык.
Билген тилдери:
- кыргыз тили — эне тили;
- орус тилинде эркин сүйлөйт;
- англис тилинде эркин сүйлөйт;
- кытай тилинде эркин сүйлөйт;
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.