ЖРТ-2019: Жогорку упай топтогон кадамжайлык Талантбек Азербайжандагы олимпиадага катышат

Жеңишбек уулу Талантбек
Жеңишбек уулу Талантбек
// АКИpress

Билим АКИpress - Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү Жеңишбек уулу Талантбек жалпы республикалык тестирлөөдөн 231 упай топтоп, 4-орунга чыкты. Эми ал «алтын сертификатка» ээ болуп, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүндө акысыз билим алууга укуктуу.

Талантбек быйылкы окуу жылында предметтик олимпиаданын облустук турунда 1-орунду, ал эми республикалык турунда 2-орунду камсыз кылган. Ошондой эле дүйнөлүк олимпиаданын тандоо сынагынан 1-орунду ээлеп, Азербайжандын Баку шаарында 4-11-августта өтүүчү эл аралык олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Учурда бүтүрүүчү Баку шаарында өтүүчү эл аралык олимпиадага кызуу даярданып жатат.

Талантбек Борбордук Азиядагы Америка университетинен билим алууну максат кылууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up