Канттагы №2 мектеп-гимназиянын окуучулары жайкы лагерде эс алышты (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Кант шаарындагы №2 мектеп-гимназиясынын 200дөн ашуун окуучусу ар кандай добоорлор аркылуу жайкы лагерлерде эс алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектеп-гимназиянын директору Чынара Бакашева билдирди.

Анын айтымында, 11-июндан 17-июнга чейин эл аралык «Интер» билим берүү борборунун алкагында «Жаш аракет долбоору» менен келишим түзүлүп, 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучуларга ысык тамагы менен лагерь уюштурулган.

«Лагерь саат 9:00дөн 16:00гө чейин иштеди. Окуучуларды демократиялуулукка, толеранттуулукка, патриоттуулукка, лидерликке үйрөтүүчү тренингдер өтүлдү. 90 окуучу сертификатка ээ болуп, жакшы маанай менен аякташты.

Ошол эле маалда 3-июндан 16-июнга чейин Кант шаардык мэриясынын колдоосу менен 1-5-класстардын окуучулары үчүн 3 маал тамагы менен мектеп ичинде жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Анда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары эс алышты. Балдар убагында тамак ичип, убагында эс алып, ар кандай ийримдеги жетекчилери менен ырдап-бийлеп, оюн-зоокторду ойноп, китеп окуп, көңүлдүү эс алышты.

Бул долбоор 5 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келет. Ошондой эле 1-2-класстын балдары үчүн «Бирге окуйбуз» долбоору менен «Китепти сүйөбүз» аттуу лагерь иштеп жатат», - деди Ч.Бакашева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up