ЖРТ-2019: Нарындык 2 окуучу «алтын сертификатка» ээ болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификатка» ээ болгон 52 окуучунун катарын нарындык 2 бүтүрүүчү толуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга лицейдин директору Угур Эмир билдирди.

Маалым болгондой, ЖРТдан М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучулары Качкынбеков Азат 224 упай жана Баркалбасов Сүйүнтбек 222 упай топтой алышты.

«Бүтүрүүчүлөр буга чейин да облустук, республикалык сынактарга катышып, ийгилик жаратып келишкен. Бул жолу алар дагы бир ирет билими жогору экендигин тастыкташты», - дейт У.Эмир.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up