Кочкорлук окуучу республикалык сынакта 1-орунду багындырды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Ишенбекова республикалык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Ал «Здравствуй, Россия!» сынагына катышып, 1-орунду камсыз кылган.

Сынакта окуучулар Россия мамлекети боюнча өз ойлорун дилбаян кылып жазышкан.

«Бул сынакта балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тапшырмалар берилет. Биздин Кызыл-Дөбө мектебинен 2 окуучу байгеге ээ болушту. 11-класстын бүтүрүүчүсү Айдай Ишенбекова 1-орунду алса, Айзада Эркинбек кызы 3-орунду камсыз кылып, байгеге ээ болушту. Республикалык сынактан алдыңкы орунду алуу бизге да кубаныч тартуулоодо. Сынакка катышып, байге алгандар мектепте жакшы окушат. Бул окуучулардын ийгилигине орус тилчи мугалимдеринин салымы да чоң», - дейт аталган мектептин директору Жазгүл Жумалиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up