Ат-Башыда «Окуган эл озот» деген темада жайкы окуу лагери уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы мыкты окуучулар жана жашоо-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы окуу долбоору уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 10-15-июнда «Окуган эл озот» деген теманын алкагында жайкы окуу долбоору өтүп, ага аталган мектептин 5-6-7-класстарынын окуучулары, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Долбоор Ат-Башы районундагы Босого жайлоосунда болуп, анда 60 бала 3 топко бөлүнүп окушту. Аларга 4 маал ысык тамак берилген. Жайлоодон балдарга англис тили, орус тили сабактары өтүлүп, шар жана көркөм окуу, командада иштөө, сүрөт тартуу, эссе жазуу боюнча жана «Баарынан мыкты» сынактары өткөрүлдү.

Аталган долбоорго Ак-Муз айылынын тургуну Кумар Дүйшөналиев демөөрчүлүк кылып, ата-энелер да өз салымдарын кошушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up