Ат-башылык мугалимге Дубайга 12 күнгө эс алууга жолдомо беришти

Байыш Абдыбеков
Байыш Абдыбеков

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков Дубайга эс алууга жолдомо алды. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Б.Абдыбеков аталган мектепте 9-10-11-класстарга 23 жылдан бери адам жана коом сабагынан билим берип келет. Үстүбүздөгү жылдын жаз айында окуучуларга «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары» аттуу китеп окуу сынагын уюштурган. Сынакка ак-муздук ишкер Кумар Дүйшөналиев демөөрчү болуп, 3 багыттагы 600 китеп алып берген. Окуучулар ал китептерди окуп, кайрадан тест тапшырышкан. Ошонун негизинде алдыңкы окуучулар акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан.

Ал эми июль айында окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштурган. Мугалимдин эмгегин баалап, ишкер К.Дүйшөналиевге Дубайга 12 күнгө эс алууга жолдомо тапшырды.

Б.Абдыбеков мындай жолдомо күтүүсүз белек болгонун жана эс алууга октябрь айында барарын айтты.

19ce1d63f10e09a374bba37c7310d881_500_0_0

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up