ЖРТ-2019: Ак-Талаа районунда 4 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоду

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу мектептердеги 11-класстын 4 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтоду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ильичбек Жакшылык уулу билдирди.

Маалым болгондой, 212 упай топтогон Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков орто мектебинин бүтүрүүчүсү Фарида Асанова район боюнча 1-орунга чыкты. Жаңы-Талап айылынын Байымбет орто мектебинин окуучусу Айсанем Русланова 211 упай топтоп, 2-орунду, Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Гүлнур Кутманова 208 упай менен 3-орунду, Кара-Бүргөн айылынын М.Базаркулов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кубанычбек уулу Курманбек 203 упай топтоп, 4-орунду алышты.

2018-2019-окуу жылында Ак-Талаа районунан ЖРТга 357 окуучу катышып, 237 окуучу 110дон жогору упайларды топтошту, бул тестирлөө боюнча билим сапаты 66,4%ды түзөт.

Ак-Талаа районунда билим сапатын салыштырмалуу алганда 2016-2017-окуу жылында 50,4%, 2017-2018-окуу жылында 58,1% болсо, 2018-2019-окуу жылында 66,4%ды түздү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up