ЖРТ-2019: Ат-Башы районунда 4 бүтүрүүчү 200дөн жогорку упайларды алышты

Билим АКИpress - Ат-Башы районундагы мектептердин 4 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дөн жогорку упайларды топтоду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.

Ат-Башы районунда жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр:

- «Ой-Терскен» орто мектебинин бүтүрүүчүсү Төлөнбай кызы Элназ — 212 упай;
- К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Назарова Айжан — 202 упай;
- К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Койчубек кызы Айпери — 201 упай;
- Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Жумамамбетов Илам — 201 упай.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up