Бүтүрүүчү-2019: Мектеби боюнча жогорку упай топтогон Сезим өлкөдө психологияны өнүктүргүсү келет

// Turmush

Билим АКИpress - Токмок шаарынын тургуну Сезим Бактыбекова өзү окуган мектепте жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай топтоду. Ал Токмок шаарынын Ч.Айтматов атындагы №9 орто мектебин аяктап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2002-жылы Бишкек шаарында туулгам. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 196 упай топтодум, ал эми предметтик тесттерден: тарых — 108 упай, англис тили — 128 упай болду.

Тестирлөөгө январь айынан баштап даярдана баштагам. ЖРТ боюнча курстарга 1,5 ай барып, калган убактарда өз алдымча даярдандым. Атайын китептер, видео-сабактар менен күн сайын иштөөгө аракет кылдым. Бирок ортодо облустук, республикалык олимпиадаларга даярдануу керек болгондуктан, математикага көп көңүл бөлө албай калдым. Ошондуктан абдан жогору упай күткөн эмесмин.

196 упай алганымды угуп, албетте сүйүндүм. Көптөн бери ойдон кетпей, күткөн кабар келгендиктен, жеңилдей түштүм. Жашоодо жаңы бөлүм башталып жатканын дал ошондо түшүндүм окшойт.

Өзүм адабиятка абдан жакынмын, өзгөчө орус адабиятына, мектептик жашоомдун көпчүлүк бөлүгү кыргыз тилине байланыштуу болсо да, орус адабияты ар дайым сүйүп окуган сабагым болду. Бош убактымдын көпчүлүгүн китеп окууга жумшайм. Кичинемден китеп окуп көнүп калган жаным, ансыз жашоомду элестете да албайм.

Келечектеги максатым — өз ишимдин жогорку деңгээлдеги профессионалы болуу. Өлкөбүздө психология тармагы анча жакшы өнүкпөгөндүктөн, ал жөнүндө элге кеңири маалымат берип, түшүндүрүп, психолог болуп, ийгиликтүү эмгектенсем дейм.

Үй-бүлөмдүн жашоомдогу ролу чоң. Алар ар дайым мени колдоп, ийгилик-утулуштарымда бирге болушкан. «Эң башкысы, ден соолукта болсоң болду» деп, эч качан «оку» деп кыйнаган эмес. 16 жылдык жашоомдогу ийгиликтериме алардын салымы чоң», - деп айтып берди ал.

Сезим үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up