Таласта 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшырылды (сүрөт)
Билим АКИpress - Бүгүн, 21-июнь күнү Манас районунун бардык мектептеринде 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Замирбек Маркашов аймактык кабарчыга билдирди.
«Бүгүн райондогу 20 мектептин 9-класстарынын окуучуларына көбүк тапшырдык. 9 -классты бүтүп, орто кесиптик окуу жайларга тапшыра турган окуучуларга кең келечек жана ийгилик каалайм. Ал эми мектепте билим алууну улантып кете турган окуучуларга кийинки окуу жылында жакшы жетишкендиктерге жетишип, алдыңкы окуучулардан болушуна тилектешмин. Бүгүнкү күндө райондо 9-классты 546 окуучу бүтүрүп жатат. Алардын ичинен 24 окуучу «кызыл» күбөлүккө ээ болушту», - дейт З.Маркашов.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×