Ак-Талаадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр жана аттестаттар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектептердин 9-класстарынын бүтүрүүчүлөрү күбөлүк жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү аттестат алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, 24-июнь күнү райондогу 18 орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар жана күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, айыл өкмөт башчылары, ата-энелер, мектеп директорлору катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө мектепти аяктаган окуучуларга мындан аркы жашоолоруна ийгиликтер, каалоо-тилектер айтылса, окуучулар мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Район боюнча 9-классты аяктаган 600 окуучуга күбөлүк, 11-классты аяктап, биротоло мектеп менен коштошкон 419 окуучуга аттестат тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up