Ак-Талаада балдар үчүн 16 жайкы эс алуу лагери ачылды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда балдар үчүн 16 жайкы эс алуу лагери ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова билдирди.

Маалым болгондой, мектеп жашындагы жана мектепке чейинки курактагы жаш балдардын, бөбөктөрдүн жайкы эс алуусуна шарт түзүү, бош убактысын туура пайдалануу максатында 18 орто мектептин ичинен 16 орто мектепте жайкы эс алуу лагерлери ачылып, алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Эс алуу лагериндеги балдар ар кандай спорттук оюндарды өткөрүү менен бирге кызыктуу жомокторду окуп, таш беттерине сүрөт тартып, айлана-чөйрөнүн кооздугун сүрөт аркылуу чагылдырып беришүүдө.

Андан сырткары, «МерсиКо» долбоору аркылуу жана ата-энелердин демөөрчүлүгү менен Ак-Чий айылындагы М.Балбаков, Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев, Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мүсүралиева, Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков жана Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектептеринде ачылган жайкы эс алуу лагеринде балдарга ысык тамак берилип жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up