Кочкордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө орто билим алгандыгы тууралуу аттестат берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Астра Асаналиева билдирди.

Анын айтымында, Кочкор районундагы 33 орто мектептин 953 бүтүрүүчүсү аттестаттарын алышты. «Аттестаттарды Кочкор районундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттүн башчылары тапшырышты. Алар бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин айтышып, келечек турмушуна даңгыр жол каалашты. Мындай жөрөлгө бүтүрүүчүлөргө жакшы таасир берет», - деди А.Асаналиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up