Манас районунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү аттестаттарга ээ болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас облусунун Манас районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Замирбек Маркашов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада район боюнча 329 бүтүрүүчү аттестаттарга ээ болушту.

«Район боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алып жаткан 2 окуучубуз бар. Алар: Г.Малаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ибраимова Сезим менен Жийде орто мектебинин бүтүрүүчүсү Эргешова Рамина.

Мен билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси катары уядан учуп жаткан ар бир балапанга ийгилик каалайм. Турмуштун чоң жолунда келечектери кең болсун. Ар бир бүтүрүүчү биздин көз алдыбызда жакшы элестери менен калат. Бүгүн да бүтүрүүчүлөр толкунданып, жакшы маанайда жүрүштү», - деди З.Маркашов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up