Ысык-Атадагы №25 лицейде баңгизаттардын зыяндуулугу жөнүндө маалымат берилди

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоочу адистери 26-июнь — Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата №25 кесиптик лицейде иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аталган борбордун адиси Марат Эсеналиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага 68 студент, 2 мугалим жана үй-бүлөлүк медицина борборунун нарколог-дарыгери С.Савинков катышты.

«Студенттерге баңгизаттарды колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтер көрсөтүлдү. Нарколог чакан лекция окуп, зыяндуу заттарга алкоголь, тамеки, насыбай, энергетикалык суусундуктар, кальян дагы кирерин белгилеп айтып кетти. Балдарга атайын түзүлгөн маалымат баракчалар таратылды», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up