Бүтүрүүчү-2019: ЖРТнын жыйынтыгында Жумгал району боюнча биринчи болгон Айдина банк кызматкери болот (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районундагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айдина Бейменжанова жалпы республикалык тестирлөөдө 214 упай топтоду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Айдина 2002-жылы 3-сентябрда Жумгал районунун Куйручук айылында төрөлгөн. 2008-жылы А.Сулайманов атындагы орто мектебине 1-класска кирип, быйыл окууну аяктады. Ал райондун тарыхында эң жогорку упай топтогон окуучу катары калмакчы.

Бүтүрүүчү үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Эжеси, агасы жана иниси мектепти «кызыл» аттестат жана күбөлүк менен бүтүшкөн. Ата-энеси да жогорку билимдүү инсандар.

Атасы — Азимжан Исаков, кесиби боюнча ветеринар. Ал эми апасы — Кызылгүл Жумаева мугалим болуп эмгектенет.

Айдинаны окуткан мугалимдердин айтымында, анын мүнөзү жоош, кең пейил жана тырышчаак. Мугалимдери аны менен дайым сыймыктанып келишет. Айдина мектепте активдүү кыз, окуп жүргөн кезинде эле ар кандай иш-чараларды уюштуруп, сынактарды ойлоп таап, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып келген.

«Мен 9-класста математика сабагы боюнча олимпиадада 3-орунду, 10-класста 1-орунду, 11-класста райондон 1-орунду, облустан 2-орунду жана республикадан 5-орунду алгам.

Келечекте банк кызматкери болоюн деген оюм бар. Банк тармагында иштесем дейм, бул өзүмдүн каалоом жана ата-энемдин кеңеши. «Ала-Тоо же «Манас» университетине барып, билимимди өркүндөтсөм дейм. Быйыл жалпы республикалык тестирлөө оор деле болгон жок. ЖТРга мен 10-класстан баштап даярдана баштагам. 11-класста сентябрь айынан баштап даярданып, ортодо убакыт жок болуп, даярдана албай калгам. Майдын башында гана убакыт таап, жакшылап даярданып, анан тестирлөөгө бардым. Күжүрмөндүгүмдүн арты менен район боюнча 1-орунду, ал эми облус боюнча 2-орунду алдым», - деди А.Бейменжанова.

Айдина бош убактысында дайыма китеп окуп, тогуз коргоол жана волейбол ойнойт. Анын чоң атасы Исаков Бейменжан — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көп жылдар бою башкарма, А.Сулайманов мектебинде директор, тарых мугалими болуп эмгектенген.

Айдинанын класс жетекчиси Гүлиза Сасыкулова окуучусунун ийгиликтери тууралуу айтып берди.

«Мен Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинде 19 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп келем. Окуучум Айдина Бейменжанова быйылкы окуу жылдын жыйынтыгы менен бизди зор кубанычка бөлөдү. Биздин райондун атын облуска, республикага чейин чыгарды деп баса белгилегим келет. Жалпы республикалык тесттен жогорку упайга жетишүү менен бирге буга чейинки ийгиликтерин санап айткым келет. Айдина 9-10-11-класс аралыгында математика сабагы боюнча райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларда билимин сынап келген. 9-10-класста райондук олимпиададан 1-орунду берген эмес, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, ийгилик жаратып келген. Мектептеги ийгиликтери көп. Ага кең келечек, даңгыр жол каалайм.

Мектепте окуп жүргөндө эле мыкты окуучу болчу. Көбүнчө математика сабагына кызыгуусу күч. Кандай иш-чара болбосун, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүп келген. Мектептен эле сынактарды уюштуруп, өткөрүп жүрчү.

Тогуз коргоол боюнча курама команданын мүчөсү, жакшы ойнойт. Мелдештерде жеңишке жетип жүрдү», - деди Г.Сасыкулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up