Бүтүрүүчү-2019: Панфилов району боюнча эң жогорку упай топтогон Уулжан программист кесибин тандады (сүрөт)

Уулжан Тюлеева
Уулжан Тюлеева

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов комплекстүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уулжан Түлеева жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында район боюнча 1-орунга чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Уулжан февраль айында эле Борбордук Азиядагы Америка университетине сынак тапшырып, биринчи этаптан өтүп кеткен. Бирок белгилүү себептерден улам ал жактан билим албай турганын айтты.

«Ал университеттин келишимдик акысы чоң экен. Атам каза болгондуктан, апам 7 жашымдан тартып мени жалгыз багып келет. Ошондуктан аны кыйнагым келген жок. Тестирлөөдөн 206 упай алдым, кайсы окуу жайга барууну ойлонуп жатам. Бирок БААУда окуу — менин кыялым. ЖРТнын предметтик тестине сентябрдан декабрь айына чейин, негизги тестке январдан майга чейин даярдандым.

Өзүм программист кесибин тандадым. Компьютерлер менен иштөө мага кызык жана аябай жагат. Келечекте Кыргызстандын IT-чөйрөсүн өнүктүрүүгө өз салымымды кошкум келет. Мектепте 1-класстан 11-класска чейин жалаң «5» деген баага окудум. Математика, англис тили жана дүйнө тарыхы — жактырган сабактарым.

Мектепте сабак берип, окуткан мугалимдерге ыраазычылык билдирем. Өзгөчө, Галина Егоровна, Гүлнара Капарбековна, Екатерина Михайловна, Татьяна Николаевна жана менин өнөрүмө салым кошкон башка мугалимдерге чоң рахмат!

Ошондой эле мен чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгам. Англис тилин өз алдынча үйрөнүп, азыркы күндө эркин сүйлөйм. Түрк тилин да интернеттин жардамы менен үйрөнүп, сүйлөп калдым. Жайкы эс алууда испан тилин үйрөнүү — максатым», - деп айтып берди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up