ЖРТ-2019: Бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы Владислав «алтын сертификатка» татыды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылындагы бүтүрүүчү Шнур Владислав жалпы республикалык тестирлөөдөн 221 упай топтоп, «алтын сертификатка» татыды. Ошондой эле физика боюнча кошумча предметтик тестирлөөдөн 131 упай алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Менде мынчалык жогорку упай алам деген чечкиндүү ишеним болгон эмес. Бирок мыктылардын катарында болорумду үмүт кылгам. Бир күнү мектептен мага телефон чалышып, сүйүнчүлөп: «Сен алтын сертификатка татыдың», - деп айтышты. Ошондо сүйүнөрүмдү же ыйларымды билбей, бир кызыктай абалда калгам.

Буюрса, Кыргыз-Орус славян университетинин микроэлектроника жана физика факультетинде билим алууну көздөп турам. Ага удаа компьютердик графиканы да үйрөнгүм келет. Хоббим — компьютердик графика, мультипликация», - деди ал.

Владислав үй-бүлөдө жалгыз бала.

«Биздин үйдө 4 киши бар: таятам, таенем, апам жана мен. Бирок апам Россиянын Москва шаарында жашайт. Атам менен апам мен 3 жашымда ажырашып кетишкен», - деп айтып берди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up