Бүтүрүүчү-2019: Кыргызстандык Марсиана Айкынова Москвадагы мектепти алтын медаль менен аяктады (сүрөт)

Марсиана Айкынова
Марсиана Айкынова

Билим АКИpress - Кыргызстандык Марсиана Айкынова Россиянын Москва шаарындагы мектепти алтын медаль менен аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Марсиана 10 жылдан бери ата-энеси менен Россияда жүргөндүктөн, Москва шаарындагы Маяковский атындагы мектепте билим алган.

«Мен Кыргызстандын Баткен облусунан болом. Өзүм 2001-жылы төрөлүп, 10 жылдан бери Россияда жүрөм. Бир тууганым, ата-энем менен бирге турабыз. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу Москва шаарындагы Маяковский атындагы мектепте окудум. Биздин мектепте көп улуттун өкүлдөрү билим алышат: өзбек, татар, азербайжан, даргин, дунган жана башка. Кыргыздар да бар.

Биздин мектепте 4 тармак боюнча билим берет: гуманитардык, медициналык, социалдык-экономикалык жана инженердик. Ушул 4 окуу имараттагы окуучулардын ичинен эң жакшы окуп, спорт, маданият жаатында ийгилик жараткан 16 окуучу алтын медель менен аяктадык. Өзүм алгебра, химия сакбактарына кызыгам.

Буюрса, медицина тармагында билим алууну улантам. Ата-энем да колдоп, кубаттап турушат. Келечекте Кыргызстанга барып, элиме кызмат кылам», - деди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up